БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта айыл өкмөттүн күйүп кеткен имараты оңдолууда. Сүрөт

Сузакта айыл өкмөттүн күйүп кеткен имараты оңдолууда. Сүрөт

Сүрөт: "Т-Медиа" /Дастан Осмонов

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Сузак айыл өкмөтүнүн имараты оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Имарат 2021-жылдын октябрында күйүп кеткен. 

Учурда аны оңдоо үчүн жергиликтүү казынадан 14 миллон сом сарпталууда. Имарат айыл өкмөт үчүн 2011-жылдан тарта кызмат кылып келген. Тилсиз жоодон кийин мекеме кызматкерлери эски калкты тейлөө борборунда ишин улантууга аргасыз болушкан.

 

Кырсыктан кийин түрдүү кептер тараган. Айрымдары атайылап кызыктар тараптар өрттөгөн десе, башкалары сапатсыз көмүрдөн улам күйгөнүн айтышкан. Бирок ушул убака дейре иш тергөөдө экени айтылып, оңдоп-түзөө иштери кечегеңдеп келген. 

Бүгүнкү күндө имаратты оңдоо иштери башталганы менен күнөөлүү тарап аныктала элек. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ишти Улуттук коопсуздук мамлкеттик комитетине өткөрүп бергенин айтса, атайын кызмат облустук сотко өткөнүн маалымдады. Ал эми облусттук иш аларга келбегенин билдирди.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей