БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта манас айтуу иш-чарасында автоунаа 29 окуучуну тебелеп кетти

Сузакта манас айтуу иш-чарасында автоунаа 29 окуучуну тебелеп кетти

Сүрөт: Интернеттен алынды

Бүгүн, 2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Манас айтуу таймашы үчүн окуучулар жаратылышка чыгышкан. Анда "Хундай портер" үлгүсүндөгү унаа төмөн жакта манас айтып жаткан бир канча окуучуну тебелеп өтүп кеткен. Алардын 29у ооруканага түштү.

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетов төрт баланын абалы оор экенин "Т-Медиага" билдирди.

"Сегиз окуучу Октябрь райондук ооруканасында, жетөө облустук балдар клиникасында, дагы үчөө Сузак аймактык ооруканасында жатат. Бактыга жараша каза болгондор жок", -деди Байдавлетов.

Жалал-Абад облустук ЖКККБы окуя боюнча комментарий берип, "автоунаанын тормозу иштебей калышы мүмкүн" деген пикирди айтты. Мекеме толук маалымат тергөө ишинен кийин берилерин кошумчалады.

Окуянын видеосун социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп жатат.

 

Автор: Каныбек уулу Нургелди > 67 статей