БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта мыйзамсыз курулган делген мечиттин имараты ФАП же дарыкана болот

Сузакта мыйзамсыз курулган делген мечиттин имараты ФАП же дарыкана болот

Сүрөт: УКМК

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылында каттоо күбөлүгү мыйзамсыз берилген делген мечиттин имараты ФАП же мамлекеттик дарыкана болот. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, былтыр Барпы айылынын Ч.М.Х аттуу тургуну уруксат документтери жок үйүнүн короосуна мечит куруп алган. Кийин Жалал-Абад облусундагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүүдөн кийин аталган мечит жабылып, 7,5 миң сом айып салынган.

"Ага Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, облустук казыяттын жана Сузактагы "Кадастр" жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен айылда башка жума мечитинин 700 метр аралыкта болгонуна карабастан уруксат кагаздары берилген. Мындан сырткары аталган мечитте Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрүнүн зыярат кылуу фактылары болгону аныкталды", -дейт УКМК.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 1-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, Ош шаарында ондогон мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылганын кабарлаган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей