БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта шайлоого добуш берүү башталды

Сузакта шайлоого добуш берүү башталды

Сүрөт интернеттен алынды

№13 Сузак бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөнөөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү башталды. 

Бул округда 81 шайлоо участогу уюштурулуп, 124 миң 429 шайлоочунун тизмеси такталган. Добуш берүү 20:00дө аяктайт. 

Сузак округунан жети талапкер ат салышууда. Анын ичинен бирөө аял. Алар: Юлия Лилиенталь, Бейшенбек Бегматов, Мелисбек Кошалиев, Алтынбек Кылычбаев, Асилбек Арапбаев, Жыргалбек Сейдахматов, Медербек Сапарбаев.

Бул аймактан депутат Тазабек Икрамовду Боршайком өзү жазган арыздын негизинде 19-июлда мандатынан ажыраткан. 

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Парламентте "Элдик" депутаттык тобунун, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү болгон. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында да "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен шайланган.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышында ушуну менен 21 депутаты мандатын тапшырды.

 

Автор: Осмонова Айдана > 618 статей