БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузакта желектин өрттөлүшү боюнча окуяны Дин иштери боюнча комиссия териштирүүдө

Сузакта желектин өрттөлүшү боюнча окуяны Дин иштери боюнча комиссия териштирүүдө

Интернеттен алынды

Сузакта айыл өкмөттүн жана эки мектептин имаратындагы мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазуусу бар ак матаны илип кеткен окуяны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия териштирип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы “Т-Медиага” билдирди.

Сузак районундагы №4 Б.Шамшиев атындагы жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептердин, ошондой эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына белгисиз жарандар мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак матаны илип кетишкен. 

Жалал-Абад облустук милициясы окуя 30-майга караган түнү саат 3:20-4:00 чамасында болгонун маалымдаган. Укук коргоо органдарына Бек-Абад айылынын тургуну кабар берген. Нөөмөттөгү милиция кызматкерлери фактыны жеринен аныкташкан.

Ал арада 31-май күнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бек-Абад айылында "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмунун активдүү жактоочуларынан алтоо кармалганын кабарлаган. Бирок алардын тууга байланышы бар жоктугу азырынча белгисиз. 

 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей