БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузактагы кырсык: беш бала жандандыруу бөлүмүндө

Сузактагы кырсык: беш бала жандандыруу бөлүмүндө

Интернеттен алынды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен билим берүү жана илим миинистри Догдуркүл Кендирбаева Сузактагы кырсыктан жабыр тартып облустук ооруканада жаткан балдардын абалы  менен жеринде таанышып, ата-энелери менен жолугушту. Учурда тиешелүү медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатканы айтылды.

"Беш бала жандандыруу бөлүмүндө, экөөнүн боору жана көк боору жарылган. Алар наркоздон чыгып, эстерине келип, сүйлөшүп жатышты. Абалы оор болгон үчөөнүн көрсөткүчтөрү туруктуу. Бүгүн дагы бир балага операция жасайбыз. Краниотомия жасайбыз. Нейрохирургдар, травматологдор, хирургдар келишти, консультацияларды өткөрүп жатабыз, дарылар жетиштүү. Баардыгы көзөмөлгө алынды", - деди Бейшеналиев.

Ички иштер министринин  орун басары Октябрь Урмамбетов да окуяны жеринен көзөмөлдөө үчүн аймакка келгени, катталган кырсык УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө экени маалымдалды.

Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулганын 3-майда ооруканаларды кыдырып жүрүп, билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева билдирди. Ал мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча окуучуларды чоң маарекелерге катыштырууга тыюу салынарын айтты.

Министрдин айтымында, Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан убактылуу четтетилди. Бүгүн, 3-майда өкмөттүк комиссия жыйынга чогулат. Анда шалаакылыкка жол берген тиешелүү жетекчилерге чара көрүү, жабыркаган окуучуларга медициналык жардам көрсөтүү, ата-энелерге психологиялык колдоо сыяктуу маселелер каралат. Учурда жабыркаган балдардын ата-энелери үчүн да кризистик борбор уюштурулуп, аларга моралдык колдоо көрсөтүлүп жатканы айтылды.

"Манасты" даңазалоо максатында окуучулар арасында 19-апрелден тарта жапырт "Манас айтуу" фестивалы уюштурулуп жаткан. Бул үчүн президенттин жарлыгы да чыгып, фестивалдын жеңүүчүлөрүнө үч миллион сом байге каралган эле.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, 30 бала жабыр тарткан. Жума күнкү расмий маалыматка ылайык, 12 бала ооруканада жатат. Алардын бешөө реанимацияда абалы оор экени маалымдалды.

Автоунаанын ээси кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш ишин козгогон.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей