БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузактагы кырсык: Бишкекке жеткирилген бейтаптардын бирине операция жасалды

Сузактагы кырсык: Бишкекке жеткирилген бейтаптардын бирине операция жасалды

Саламаттык сактоо министрлигинин расмий баракчасы

Сузактан Бишкекке жеткирилген тогуз жаштагы бейтапка бүгүн, 4-майда операция жасалды. Ага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев башка адистер менен бирге катышты.

Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, оорулуунун баш сөөгү сынып кеткен. Учурда эси жайында, операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланып жатат. Калган бейтаптар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, бардыгына тиешелүү дары-дармектер берилген. Адистер менен бардык консультациялар өткөрүлгөн. Тиешелүү жабырлануучулар көрсөтмөлөр боюнча пландуу операцияларга жеткирилет.

Жалал-Абад облусунун ооруканаларында тогуз бала дарылануусун улантып жатат. Бир бейтап абалы канааттандырарлык деп бааланып, амбулатордук дарыланууга чыгарылган. Маалыматта саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экени айтылат.

3-майда Сузактагы "Портер" тебелеп кеткен он бала атайын борт менен Бишкекке жеткирилген. Оор абалдагы балдар туугандарынын көзөмөлү астында Бишкектеги тез жардам кызматынын шаардык балдар клиникасында дарыланары кабарланган.

2-майда Сузак районунда "Манас" айтуу боюнча 3 миң окуучу катышкан сынакта дөңдөн ылдый жжылып кеткен  машине балдарды коюп кеткен. Кырсыктан 30дан ашык бала жабыр тартып, бешөөнүн абалы оор экени кабарланган. Алар 9-16 жаштагы өспүрүмдөр.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей