БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузактагы окуя: бир катар милиция жетекчилери кызматтан алынды

Сузактагы окуя: бир катар милиция жетекчилери кызматтан алынды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы

Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында унаа тебелеп кеткен окуяга байланыштуу  бир катар милиция жетекчилери кызматтан алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы чыккан. Натыйжада Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, аны орун басары, иш-чара өткөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулган. Ошондой эле коопсуздук маселесине көңүл бурулбаганы үчүн 12 кызматкер тартиптик жазага тартылган.

Мындан сырткары облустук милициясынын жетекчилик курамына, Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн бир нече кызматкерине да тартиптик чара көрүлгөн.

Мунун алдында кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкканга чейин Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да убактылуу иштен четтетилгени айтылган.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда "Манас айтуу" таймашы үчүн окуучулар жаратылышка чыгышкан. Анда "Хундай портер" үлгүсүндөгү унаа төмөн жакта манас айтып жаткан бир канча окуучуну тебелеп өтүп кеткен.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кырсыктан 30дан ашуун бала жабыркап, алардын бешөө оор акыбалда экенин маалымдаган. 3-майда атайын борт менен Бишкек шаарына он бала дарыланууга жеткирилген. Ушу тапта Жалал-Абаддагы ооруканда дагы тогуз бала дарыланып жатат.

Окуядан кийин өлкө аймагында "Манас айтуу" сынагы токтотулган. Кырсыкка себепкер "Хундай-Портер" машинесинин айдоочусу кармалып, милиция кылмыш ишин козгогон. 

Ал эми катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жараат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнүп берилген.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей