БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузактагы окуяны атайын комиссия иликтейт

Сузактагы окуяны атайын комиссия иликтейт

Интернеттен алынды

Сузакта мектеп окуучулары кабылган кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү. Ага министрликтердин, президенттик администрациянын өкүлдөрү кирди. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 3-майда Сузак районуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев барып, балдардын абалы менен таанышты. Ал кырсык болгон аймакка президенттин тапшырмасы менен окуяны иликтөө үчүн келгенин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

"Айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай, ал жерде террордук же бир кылмышка байланышкан эч кандай далилдер аныкталган жок. Бул коопсуздукту сактабагандык, шалаакылык. Уюштуруу иштеринде көп кемчиликтер кеткенин белгилеп кетким келет. Мисалы, унааларды адамдардын арасына киргизбеш керек болчу. Автоунаа үчүн атайын жай болуш керек эле. Балдардын арасына чоочун адамдарды киргизбөө маселелери да каралган эмес. Коопсуздукту бузган жетекчилер жоопко тартылат"- деди Ташиев.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында тоо боорунда "Манас айтуу" иш-чарасы өтүп жатканда "Хундай-Портер" үлгүсүндөгү машине жүрүп кетип, андан жабыркагандардын саны 35ке жетти.

Учурда 12 бала ооруканада жатат, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө. Дарыгерлер алардын абалын оор деп баалап жатышат. Автоунаанын ээси кармалып, милиция кылмыш ишин козгогон.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей