БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Сузак округундагы шайлоого эки талапкер арыз берди

Сузак округундагы шайлоого эки талапкер арыз берди

Сүрөт интернеттен алынды

№13 Сузак бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөнөөтүнөн мурда өтчү шайлоого катышууга эки талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 29-июлга карата берген маалыматында айтылат.

Алар өзүн-өзү көрсөткөн "Жалал-Абад" санаториясынын директорунун орун басары Алтынбек Кылычбаев жана "Дари Строй" курулуш компаниясынын директору Санжарбек Энназаров. 

Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу 22-августка чейин уланып, аларды каттоо 2-сентябрга чейин ишке ашат. Үгүт иштери 2-сентябрдан 21-сентябрдын таңына чейин жүргүзүлөт. 

24-июлда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, аталган округда өтчү шайлоо 22-сентябрга белгиленген. Боршайком 19-июлда Тазабек Икрамовду өзү жазган арыздын негизинде депутаттык мандатынан ажыраткан

Тазабек Икрамов 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо Сузак бир мандаттуу округунан шайланган. Жогорку Кеңеште "Элдик" депутаттык тобунун жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин мүчөсү. Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей