БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Свердлов округуна шайлоо өткөрүүгө 9 млн сомдон ашык каражат сарпталат

Свердлов округуна шайлоо өткөрүүгө 9 млн сомдон ашык каражат сарпталат

Интернеттен алынды

Бишкектин №29 Свердлов бир мандаттуу округуна мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 9 млн 5,3 миң сом деп эсептелди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

30-майда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл, №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутататтыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктаган. 

Анда шайлоого катышууга 44 жаран арыз берген. Ноокат округунан 12, Ысык-Көл округу боюнча 20 жана Свердлов округу боюнча 12 талапкер арыз берген.

БШК талапкерлерди 10-июнга чейин депутаттыкка талапкерлерди каттоону жүргүзѳт. 10-июндан тарта шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери башталат, ал 29-июнунда аяктайт.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен үч округдагы кайра шайлоо 30-июнга белгиленген. Ноокат жана Ысык-Көл округдарында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 млн 748 миң сом деп эсептелген. БШК Свердлов районундагы шайлоого канча чыгым кетерин азырынча маалымдай элек. 

Боршайком 23-апрелде Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан шайланып келген Жусупбек Коргонбай уулун өзү жазган арызына байланыштуу мандаттан ажыраткан. 25-апрелде №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Максатбек Сарбагышев да арыз жазып, БШК мандатын алынган. Ал эми Свердлов райондук округунан шайланган Шайлообек Атазовдун мандаты 7-майда алынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей