БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Сузак: бала бакчадагы окуя боюнча кылмыш иши козголду
Сузактагы бала бакчада наристени уруп жаткан окуя боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 3-декбарда кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, буга чейин ата-энелер окуя катталган №1-Кенжетай балдар бакчасынын кызматкерлери балдарына зомбулук көрсөтүп жатканы боюнча бакчанын жетекчисине бир нече жолу кайрылышкан. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес. Мындан сырткары бакчанын жооптуу кызматкерлери ата-энелерден, кызматкерлерден акча каражаттарын системдүү түрдө чогултканы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 187-беренеси "Баланы тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо", 337-беренеси "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана 348-беренеси "Шалаакылык" менен кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн кылмыш иш Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жиберилген.
Эске салсак, 2-декабрда социалдык тармакта балдарды белгисиз аял уруп жаткан видео тараган. Окуя Сузактагы "Кенжетай-1"бала бакчасында болгону айтылган. Тасмадан аял бир баланы далысына чапкылап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле наристелердин жеп жаткан тамак-ашынын видеолору да жарыяланган. Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү таратып, териштирүү жүргүзүлүп, тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлөрүн билдирген.
3-декабрда жергиликтүү басылмалар тасманы тарткан тарбиячынын жардамчысын райондук билим берүү мекемеси арыз жаздырып, иштен кетүүгө мажбурлап жатканын жазышты.

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat