БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды
Бишкек – Ош жолунун 127-чакырымында (Төө-Ашууда) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу 8-ноябрда ИИМге караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашты. Жол тескөөчүлөр жана тийиштүү кызматтар жеринде иш алып барууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, көчкү болжол менен эрте менен саат тогуздар чамасында түшкөн. Учурда"Сосновка" постунан унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Министрлик буга чейин аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, тоолуу аймактарда кар жаай турганын эскерткен. Сел жүрүү жана жер көчкү коркунучу бар аймактардын тизмесин жарыялаган.
Автор: Т-Медиа > 390 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat