БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Бишкек - Ош жолу жеңил унааларга ачылды

Бишкек - Ош жолу жеңил унааларга ачылды

Сүрөт интернеттен алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 16-октябрь саат 14:00гө карата Төө-Ашуудагы унаа тыгыны жоюлганын билдирди.

"Сосновка" жана "Арал" өтмөгүндөгү жеңил унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөөлөр алынды. Ал эми жүк унаалары үчүн чектөө сакталып турат. Узун кезекте турган айдоочуларга болсо ысык тамак таратылууда. 

Мурдараак министрлик Төө-Ашууда жол тыгыны жөнгө салынып, унаалар Оштон Бишкекти көздөй гана өткөрүлүп жатканын кабарлаган. Ага чейин тыгында миңдей унаа турганы айтылган.

15-октябрдын кечинде Төө-Ашууга калыңдыгы 35-40 сантимер кар жааган. Жеринде министрликтин куткаруучулары менен техникалары иштеп жатат. "Арал" жана "Сосновка" өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. 

Автор: Бурханов Байэл > 12 статей