БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Т-Медианын" үч материалы "Умтулуу-2023" улуттук сыйлыгын жеңип алды

"Т-Медианын" үч материалы "Умтулуу-2023" улуттук сыйлыгын жеңип алды

Сүрөт: t-media

«Интерньюс» уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү журналисттер арасындагы кезектеги «Умтулуу-2023» сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктап, 15-декабрда тапшырылды. Анда "Т-Медианын" үч материалы биринчи жана үчүнчү орундарды багындырды. 

"Айлана-чөйрөнү коргоо" номинациясындагы биринчи орун Даткабек Шабданбеков жана Алтымыш Жантемир Уулу тарткан "Маркумдарга арналып кыйылган арчалар" аттуу иликтөөсүнө ыйгарылды. Кенжебу Маматсадыкова жана Жуманасыр Сапанов даярдаган жайлоодогу бала бакча тууралуу материал "Балалыкты коргоо" номинациясында баш байгени алды. Ал эми Аймээрим Дарбанбекова Даяна Данияр Улукбек Сали уулу биргеликте Оштун жаңы мэрине арнап жасаган материалы "Эл жана анын бийлиги" номинациясында 3-орунду ээледи. 

Быйыл сынакка жалпы 163 иш жөнөтүлгөн. Журналисттердин жана чыгармачыл топтордун эмгектери алты багытта аныкталат:

"Эл жана анын бийлиги";
"Тынчтык жана ынтымак";
"Балалыкты коргоо";
"Маданият жана агартуу";
"Айлана-чөйрөнү коргоо";
"Аракетчил инсан".

«Умтулуу» сыйлыгы Кыргызстанда мыкты журналисттерге 2018-жылдан бери тапшырылып келе жатат. Анын максаты – аудитория жана жалпы эле коом алдында өзүнүн жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин аңдаган, заманбап маалыматтык тармакты өнүктүрүүгө салымын кошкон журналисттерди колдоо, маанилүү жана татаал темалар боюнча коомдук талкууга түрткү берүү.

Автор: Т-Медиа > 354 статей