БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

"Т-Медианын" иликтөөсүнөн кийин прокуратура Навои паркындагы жерлер боюнча териштирүү баштады

"Т-Медианын" иликтөөсүнөн кийин прокуратура Навои паркындагы жерлер боюнча териштирүү баштады

Т-Медиа

Ош шаарынын Навои паркындагы жеке менчикке өтүп кеткен 12 жер боюнча шаардык прокуратура териштирүү иштерин баштады. Мекеменин коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Канат Насиповдун айтымында, учурда жеке жактарга өткөн жерлердин мыйзамдуулугу каралууда.


"Мамлекеттик каттоо органы жана башка тиешелүү кызматтарга кат жиберилди. Укук берүүчүлүк документтердин көчүрмөлөрү алынып, анын мыйзамдуулугуна текшерүүлөр жүргүзүлүүдө",- дейт Насипов.

Навои паркы Оштун борборунда жайгашып, коммерциялык багытта иштейт. Жылына казынага 1,5 млн сом төлөйт. Жергиликтүү бийлик буга чейин парктын менчикке өтүп кеткен жерлерин кайтаруу иш-аракеттери болгонун, бирок 3-4 гана объект кайтарылганын билдирген. "Т-Медиа" иликтөөсүндө парктын аймагында Кыргызстандын Германия жана Финляндиядагы элчиси, мурдагы депутат, саясатчы Өмүрбек Текебаевдин бир тууган инисине тиешелүү жана Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекованын жеке менчиги бар экенин аныктап чыккан. 

Менчиктештирилген жерлер мэриянын токтому менен берилгенин жергиликтүү бийлик тастыктап, сотко бере алышпай турганын айтышкан. Иликтөөнүн арты менен учурда тиешелүү бардык документтерди прокуратурага өткөрүп, жерлерди кайтаруу аракеттери кайрадан уланганы маалымдалды.  

"Бизден сатылган токтомдордун баарын алып, прокуратурага бердик. Бүгүнкү күндө текшерилип жатат",- дейт Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Канышай Имарова.

Шаар башчысы Бакытбек Жетигенов жерлерди кайтаруу иштерине кызыктар экенин айтып, өзү көзөмөлгө аларын билдирди.

"Убагында жерлер мэриянын токтому менен сатылып кетиптир. Биз өзүбүз сотко бере албайт экенбиз. Прокуратура иш алып барып жатат. Жерлерди кайтарып алууга биз да кызыктарбыз. Иштеп жатабыз", - дейт мэр.

Буга чейин "Т-Медиа" "Оштун паркын омургандар" деген аталышта иликтөө чыгарган. Материалда парктын ичиндеги айрым жерлер бийликтеги адамдарга тиешелүү экенин тастыкталган. Иликтөөнү редакциянын социалдык баракчаларынан 100 миңден ашык адам көрдү. Ютуб-каналдын өзүндө эле бир сутка ичинде 100 миң көрүү алды. 700гө жакын комментарийлер жазылды.

Иликтөөнү видео жана текст түрүндө окусаңыз болот.

Автор: Болот кызы Зыягүл > 39 статей