БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ош: «Т» жолунда 28 үй жылдырылат

Ош: «Т» жолунда 28 үй жылдырылат

Сүрөт президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн баракчасынан алынды

 Оштогу "Т" түрүндөгү жолдун бир бөлүгүн оңдоо үчүн 28 турак жай жылдырылат. Ал үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады. 

Маалыматка караганда, үйлөр жолдун Кара-Суу районунун Датка аймагына караган 600 метр аралыгын кеңейтүү үчүн сүрдүрүлөт. Азыр берилүүчү кенемтени эсептөө үчүн көз карандысыз адистер баалоо жүргүзүп жатат. 

"Турак үйлөрдү баарын кыдырып көрүп, ээлери менен жеринде сүйлөшүүлөр жүрүп, жолду кеңейтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жетекчилер тургундарга атайын көз карандысыз адистер үйлөрдү баалап чыккандан кийин, мыйзам чегинде жер тилке каралып, компенсация төлөнүп берилээрин айтышты. Буга байланыштуу туура түшүнүү менен мамиле кылууга чакырышты", - деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында. 

Ош шаарынын кире беришиндеги жол "Т" формасына окшош болгондуктан ушундай аталат. Былтыр декабрда анын курулуш иштери башталган. Азыр жолдун 3,4 чакырымына асфальт басылып бүткөнү кабарланды. Ал пайдаланууга берилсе калаага кирүүдө алты чакырым жол кыскарып, Ысакбек Монуев көчөсүндө тыгын азаяры айтылган. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 175 макала