БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Талас округундагы шайлоону жокко чыгарган чечим өзгөртүүсүз калды

Талас округундагы шайлоону жокко чыгарган чечим өзгөртүүсүз калды

Бактыбек Чойбеков жана Эмилбек Абдыкадыров

Бишкек шаардык соту №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча административдик соттун чечимин 9-апрелде өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу "Т-Медиага" шаардык соттон билдирди.

Мындай чечимге каршы аталган округдан шайланып келген Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун кеңешчиси Асылбек Рахманов эми алдыда Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрыла турганын билдирди.

Эске салсак, 2020-жылы №21 Талас шайлоо округунан талапкер болгон Эмилбек Абдыкадыровдун өкүлү буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Анын себеби катары Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Бактыбек Чойбековдун добуш сатып алганы айтылган.

Ал эми Боршайком 22-февралдагы отурумунда аны канааттандырган эмес. БШКнын төрагасы Нуржан Шайлдабекова бул чечимге каршы сотко кайрылса болорун билирген.

28-февралда Бишкек шаарынын административдик соту бир мандаттуу №21 Талас шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Эмилбек Абдыкадыровдун арызын канаттандырган. 

Борбордук шайлоо комиссиясы 14-декабрда №21 Талас шайлоо округунун жыйынтыгын расмий жарыялап, Бактыбек Чойбековду 9 773 добуш менен жеңүүчү катары тааныган. 

Ушул эле округдан Эмилбек Абдыкадыров да ат салышкан. Ал 2022-жылы февралда Бишкектин мэри болуп дайындалган. Бул кызматтан 2023-жылы ноябрь айында кетип, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп бекиген. Ал эми ушул жылдын 14-февралында кызматтан алынган.

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей