БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ: Таласта үч адамдын өлүмүнө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

ИИМ: Таласта үч адамдын өлүмүнө шектүү кармоо учурунда жок кылынды

Иллюстративдик сүрөт

Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран кармоо учурунда жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматка караганда, шектүү тоо аркылуу качып кетүүгө аракет кылган.

24-майга караган түнү 00:37 чамасында милицияга Талас облусунун Айтматов районунундагы Ак-Башат айылында адам өлтүрүлгөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Жерине барган ыкчам топ 27 жаштагы келиндин жана анын төрт жаштагы кызы менен эки жаштагы уулунун сөөгүн табышкан. Шектүү катары ошол эле айылдын 48 жаштагы тургуну издөөгөн алынган. ИИМ ал мурда соттолгонун маалымдады.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, далил катары сайсыз ок атуучу курал жана балта алынган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей