БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды

Таласта ишкерлерди мыйзамсыз текшерген кызмат адамдары жазага тартылды

Сүрөт интернеттен алынды

Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын башкы инспектору жана Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жоопкерчиликке  тартылды. Башкы прокуратура аларды ишкерлерге карата мыйзамсыз текшерүү жүргүзгөн деп айыптоодо.

Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматка караганда аталган кызматкерлер "Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамды жана президенттин жарлыгы менен ишкердиктин субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө коюлган чектөөлөргө карабай аларды текшерүүгө алган.

"Талас региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыктын башкы инспектору Т.С.Д. “Б” компаниясы тарабынан курулуп жаткан медициналык борборду текшерип, анын жетекчисине 200 миң сом айыппул салган. Ошондой эле Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Ж.К. мыйзам талаптарын бузуп, "Ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасына каттоо жүргүзбөстөн, "С.К." ЖЧКсы куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушун мыйзамсыз текшерүүгө алган"- деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура тарабынан тергөөчү Ж.К. жана инспектор Т.С.Д. карата укук бузуу жөнүндө өндүрүш иштери козголуп, аларга 10 миң сомдон айып пул салынды.

 9-январда президент Садыр Жапаров "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына чейин кылмыш иши козголгон ишканалардан башка ишкердик субъектерди, бизнес-чөйрөнү мамлекеттик органдар текшербейт. Өлкө башчы муну бизнес чөйрөсүн мамлекет тараптан колдоо максатында болуп жаткандыгын билдирген. 

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей