БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ИИМ Таластагы үч адамдын өлүмүнүн чоо-жайын айтты

ИИМ Таластагы үч адамдын өлүмүнүн чоо-жайын айтты

ИИМ тараткан сүрөт

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматы боюнча, келин балдары менен бирге кайнагасынын колунан ажал тапкан.

Билдирмеге караганда, К.Н жана К.М аттуу бир туугандар мүлк талашып, чырдашкан. 2018-жылы К.Н иниси К.Мга бычак менен кол салып, Кара-Буура райондук сотунун чечими менен "адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси" боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2023-жылдын март айында Бакай-Ата райондук сотунун чечими менен пробацияга чыккан.

өзөмөл иштери Юстиция министрилигинин пробация департаментинин Кара-Буура жана Манас райондору боюнча бөлүмдөрүнө жүктөлгөн. Быйыл 23-май күнү болжол менен саат 23:00дө ал эски таарынычын эстеп, өч алууну көздөп инисинин үйүнө барган. Иниси талаа жумуштары менен алек болуп, үйүндө жок болуп калган. Ошол учурдан пайдаланып жана өч алууну көздөп барган К.Н. инисинин аялына жана балдарына кол салып, аларды зөөкүрлүк менен өлтүрүп, окуя болгон жерден тоо тарапка изин жашырып качып кеткен", -деп билдирди министрлик. 

24-майга караган түнү Талас облусунун Айтматов районундагы (мурдагы Кара-Буура) Ак-Башат айылында үч кишинин сөөгү табылган. 27 жаштагы аял төрт жаштагы кызы жана эки жарым жаштагы уулу менен үйүндө өлтүрүлгөн. 

ИИМ бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоп, маркумдун үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Ал тоо аралап качып кетүүгө аракет кылган учурда жок кылынган. 

Автор: Осмонова Айдана > 616 статей