БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тапчандар башаламан курулуп, көпүрө төмөн болгон. Ноокаттагы селдин себеби айтылды

Тапчандар башаламан курулуп, көпүрө төмөн болгон. Ноокаттагы селдин себеби айтылды

Сүрөт ӨКМ маалымат кызматынан алынды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн аймактар изилденип, кырсыктын себебин аныкталганын билдирди.

Мекеменин 30-июндагы маалыматына ылайык, селдин негизги себептери катары аномалдуу жамгыр, Абшыр-Ата дарыясында узак жылдардан бери чоң сел болбогондуктан жээгинде дарактардын өсүшү жана эс алуу тапчандарынын башаламан курулуусу, көмүр карьерине өтүүчү көпүрөнүн төмөн экени белгиленди.

ӨКМ изилдөөдөн кийин Кызыл-Кыя көмүр ачык акционердик коомуна Абшыр-Сай дарыясындагы көпүрөгө сел өткөрмө куруу сунушун берген. Ал эми бийлик жолдорду калыбына келтирүү, агып кеткен көпүрөлөрдү тез арада кайра куруу менен алектенет. 

28-июнда Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн. Табигый кырсыктан каза болгон сегиз адамдын сөөгү табылды. Айрымдарын сел тапчанда отурган жерден агызып кеткен.

Табигый кырсыктын кесепетинен 33 турак үйдүн, бир бала бакчанын короосун сел каптап, анын ичинен жети турак үйдүн ичине сел кирген. Жолдор бузулуп көпүрө, унааларды агызган. Абшыр-Ата эс алуу жайында суунун аркы бетинде болжол менен 1400дөй, Кезарт жайлоосунда 150гө жакын жаран калып, алар эртеси куткаруучулар тарабынан алып келинди.

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей