БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Тармактык комитет «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду
30-январда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорунун концепциясын кабыл алып берди. Документке депутат Тазабек Икрамов менен Бактыбек Чойбеков каршы добуш берди.
Комитет жыйында Икрамов адамдарды каралаган маалыматтар массалык маалымат каражаттарынан эмес, фейк аккаунттар тарабынан болуп жатканын билдирип, сөз эркиндигине басым жасалбашы керектигин айтты.
"Мен жөнүндө бир топ каралоо маалыматтар болду. Бирок ал каралоолор массалык маалымат каражаттарынан чыккан жок. Ал өзүн көрсөтүп, ачыктагысы келбеген фейк аккаунттардын тобу тарабынан жүрдү. Ошого азыр биз биринчи фейк аккаунттарды жүргүзгөндөр менен күрөшсөк. Ар бир бийлик бул мыйзамдын арты менен алардын (ред-ЖМКлар) лицензияларын алып, мүмкүнчүлүгүн чектеп койбошу керек. Негизи ар бир адам ой-пикир айта алыш керек. Эгерде ал жалган болсо, сот аркылуу гана туура эмес маалымат экени аныкталып доого жыгылыш керек", -деген ал.
Ал эми Бакытбек Чойбеков сунушталып жаткан мыйзам долбоору журналисттердин эркиндигин чектей турганын айтты. Ал документти талкулоодо Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа өкүлдөрү менен эки жолу гана жыйын өткөргөнүн сынга алды.
Ал эми Министр Алтынбек Максутов министрлик медиа өкүлдөрүнүн сындарын, сунуштарын эске алып, өзгөртүүлөргө барып жатканын белгиледи.
ЖМК жөнүндө мыйзам
Кыргызстандын медиа коомчулугун тынчсыздандырып жаткан "ЖМК жөнүндө" мыйзамды 2022-жылы ноябрда президенттин администрациясы сунуштап чыккан. Анда медиа мекемелердин, журналисттердин иштөө тартиби, маалыматты топтоо жана аны таратуунун жол-жоболору жазылган. Президенттик администрация 30 жыл мурун кабыл алынган "ЖМК жөнүндө" мыйзам эскиргенин, аны жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын белгилеп жатат. Негизги аргументтердин бири - азыркы мыйзамда маалыматты интернет аркылуу тараткан медиа каражаттардын иши тескелбей жатканы көрсөтүлгөн.
Бул мыйзам долбоор алгач сунушталгандан тарта эле коомчулуктун талкуусунда. Медиа эксперттер менен юристтер документтеги көп нормалар толугу менен Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын жана ал өлкөдөгү сөз эркиндигине коркунуч жаратарын айтып келет.
Мыйзам долбоордун мазмунуна келсек, сунушталып жаткан документке ылайык, өлкөдө медиа мекемелерди көзөмөлдөө күч алат. Анткени ММКлардын үстүнөн эми бир нече мамлекеттик орган карайт. Маданият министрлигинен сырткары Юстиция жана Санариптик өнүктүрүү министрликтери каттоо, лицензия берүүгө жана текшерүүгө аралашат. Ал эми теле жана радио компаниялар Байланыш агенттигинен лицензия алууга тийиш. Чет элдик маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Тышкы иштер министрлигинен акредитациядан өтөт. Буга кошумча интернет сайттар да ММК катары саналып, аларды тескөө күчөйт. Башкача айтканда мыйзам долбоор кабыл алынса бийликке жакпаган сайттар катталбай, алардын иши токтотулушу толук мүмкүн.
Президент Садыр Жапаров буга чейин "Жалпыга маалымдоо каражаттарына цензура кирбейт. Эркин медиага кысым болбойт" деп бир нече жолу айткан.
ЖМКлардын ишин тескөөчү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Талдоочулар бул документти 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу жана сөз эркиндигин бекемдеген мыйзам катары сыпатташат.
Автор: Улукбек кызы Асем > 382 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat