БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Интернеттен алынды

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасады. Кайрылуунун тексти мамлекет башчынын расмий сайтына жарыяланды

 

 

 

Бүгүн, Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата ата-бабалардын элесине таазим этип, мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл коюлду.

 

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

 

Ошол кездеги президент кол койгон жарлык «1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана каргашалуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, совет мезгилинин сабактарына жана мурастарына, ХХ кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине калыс тарыхый баа берүү максатында» кабыл алынганы айтылган.

 

7-8-ноябрь жылнаамада кызыл менен белгиленип, расмий майрам болуп саналат.  Мунун урматына кыргызстандыктар быйыл 4 күн катары менен эс алышууда.

Автор: Мамасадыкова Кенжебү > 58 статей