БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Таш-Көмүрдө шаардык кеңештин депутаты пара алууга шектелип кармалды

Таш-Көмүрдө шаардык кеңештин депутаты пара алууга шектелип кармалды

Сүрөт: УКМК

 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары 14-августа пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 17-августта билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ал жергиликтүү жаранга соттук актынын негизинде анын кызматтан мажбурлап четтетилип турган мөөнөтүндөгү айлык маянасын берүү маселесин чечип берген. Бул үчүн акча талап кылган.

Шектүү УКМКнын Жалал-Абад облусттук башкы башкармалыгынын убактылуу тергөө камак жайына киргизилген.

Мекеме аталган жаран 2023-жылы июнда шаардык кеңештин төрагасы болуп турганда да пара алууга шектелип кармалганын билдирди. Кийин ага кылмыш иши козголуп, тараптардын жарашуусу боюнча иш токтотулган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 321 статей