БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ташбулатов: президентти, мэрди же губернаторду сынга алуу мыйзам бузуу эмес
1948-жылдын 10-декабрында Адам укуктарынын жалпы декларациясы Бириккен улуттар уюмунун Париждеги Шайо сарайында кабыл алынган. Ага карата биздин редакция "Эл аралык коргоого жана көмөктөшүү" борборунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов менен Кыргызстандагы адамдардын укуктары боюнча маек кылды.
- Жаран кандай укуктарга ээ?
- Жарандардын укутарынын баарын тизмектеп айтып берсек ал аябай көп. Негизи адамдар саясий жана жеке укутарга ээ. Анын ичинде мисалы, сөз эркиндиги, жашоого укугу. Ошондой эле бир өлкөдөн башка өлкөгө же өлкөнүн ичинде жай алмаштырууга укугу бар. Ушул сыяктуу укуктар көп. Мындан сырткары социалдык, экономикалык, маданий укуктар бар. Алардын ичинде билим алуу укугу, ден соолугун чыңдоо жана жумушка болгон укуктар бар.
- Кыргызстандын жарандарынын көбүнчө кайсы укуктары көп бузулат?
- Көбүнчө саясий жана жеке укуктар жана жай алмаштыруу. Анан жана айтып кеткендей эле социалдык, экономикалык, маданий укутары бузулгандар бар.
- Алар өзүнүн укугун коргоо үчүн кимге, каяка кайрылышы керек? Алыскы аймактарда жашагандарга онлайн кеңеш деген сыяктуу кызматтар барбы?
- Кыргызстандын жарандарынын укутарын коргоо үчүн мамлекетте атайын ыйгарым укуктуу органдар бар. Алар биринчиден сот менен прокуратура. Ал эми кеп-кеңеш алуу үчүн Юстиция министирлигинин жарандарга акысыз кеңеш берүү кызматы ачылган. Бул мекемелер эгер, канаатандырбаса жер-жерлерде ачылган бейөкмөт уюмдарга кайрылса болот. Алар ошол мамлекеттик органдардын алдында адам укуктарын коргоого даяр болсо керек.
- Акыркы учурларда өзүнүн оюн, пикирин эркин билдирип чыккандарды УКМК камап, айып пул салган учурлар болуп жатат. Сиздин оюңузча бул да адамдын укугун бузганга киреби?
- Ооба, сөзсүз кирет. Биринчиден, менин оюмча бул атайын кызматтын милдетине кирбейт. Бул милициянын гана ыйгарым укугу. Эми сөз эркиндигин чектөөсүндө чектелген гана мүмкүнчүлүктөр бар. Өз эркиндигин пайдаланып жатканда башка жеке тараптардын укугун бузбаш керек. Экинчиден, мамлекет чектөөгө ала турган учур бул ошол сөз эркиндигинин пайдаланып жатканда коомчулукту кандайдыр бир зомбулукка чакырбаш керек. Мисалы, алардын сөзү этникалык же регионалдык конфликт туудурбаш керек. Ошондо гана сөз эркиндиги мамлекет тарабынан чектелиши мүмкүн. Ал эми кандайдыр бир кызматкерди, президентти сындайбы же мэрди, губернаторду сынга алуу бул мыйзам бузуу эмес. Менин оюмча бул жерде алар өзүнүн репутациясын коргоп, сотко кайрылып, өзүнүн укугун коргошу мүмкүн. Депутат болгондо же мамлекеттик жумушка келген адам анын үстүнөн сын-пикир айтылышына даяр болуп барыш керек. Жарандар андай сын-пикир айтканга укугу бар.
- Башкы прокуратура Оштун Араван районунда эгиз кыздарын сабаган деп шектелип жаткан келинди энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко доо арыз берди. Негизи кандай учурда ата-эне кандай учурда ушул укугунан ажыратылат?
- Негизи ата-энелер ушул сыяктуу окуялар болгон учурда ата-эне укугунан ажыратылат. Эгерде соттун чечиминин негизинде балдарды ата-энелери менен калтыруу алардын коопсуздугуна, ден соолугуна терс таасирин көрсөтө турган болсо, сот ошондой чечим чыгарышы мүмкүн.
- Милдет жана укуктун айырмасы?
- Мурда бизде союз мезгилинде милдет менен укук дайыма бир жүрөт деп окутуп, үйрөтүшкөн. Бирок милдетти аткарбаган адам укугунан ажыратылбайт. Мисалы, кандайдыр бир милдетти аткарбаган адам сөз эркиндигинен ажыратылбайт. Негизи укук менен милдет бир жүрбөйт. Бирок жарандардын негизги милдеттери бар. Биринчиден, керек болгондо ата-мекенди коргоо, мыйзам жана соттордун чечимдерине баш ийүү жана салык төлөө. Себеби салык төлөгөндө президент, Жогорку Кеңештин депутаттары айлык алат. Ошол эле милиция кызматкерлери айлык алат. Эгерде биз мамлекетке салык төлөбөсөк, алар өз жумушун толук кандуу аткара албай калат.
- 27-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети интимдик кызмат көрсөтөт делген 67 кыз-келиндин сүрөтүн жарыялады. Анда алардын жүзү ачык көрсөтүлүп, айрымдарынын паспорту, ата-энесинин аты-жөнү жана телефон номурларынан бери таратылды. Бул жерде адам укуктары сакталдыбы?
- Бул окуяда адам укугу сакталган жок. Биринчиден, интимдик кызмат көрсөтүү бул биздин Кылмыш-жаза кодексинде кылмыш болуп эсептелинбейт. Ал жерде бир гана андай жерлерди иштеткен адамдар, кандайдыр бир притон же шарт түзгөн адамдарга гана кылмыш иши козголот. Ал эми кыздарга иш козголбойт. Анын үстүнө башка оор кылмыш жасагандардын да сүрөтүн жарыялоо да укугун бузганга кирет. Негизи соттун чечими чыкмайынча эч ким күнөлүү деп эсептелбейт. Паспорту мындай турсун бул жерде мыйзамды одоно бузгандык болду. Негизи эле өлкөдөгү мындай көрүнүштөрдө кылмышкерлерди кармоо УКМКнын ыйгарым укугуна кирбейт. Алардын милдети көбүнчө тышкы кандайдыр коркунучтардан өзүнүн ишмердүүлүгүн алып барыш керек. Бул жерде УКМКнын ресурстарын, күчтөрүн мындай нерселерге кетирүү такыр туура эмес деп ойлойм.
- Сизге көбүнчө адамдар кайсы укуктарынын бузулушу боюнча кайрылышат?
- Негизи мен көбүнчө мигранттар менен иштеймин. Бирок иш козголуп кармалгандар да кээ бир учурларда кайрылышат. Негизи адамдарга ошентип иш козголуп, мыйзамсыз камалып кеткен учурлар болгондо кайрылган учурлар болот.
Маектешкен: Асем Улукбекова
Автор: Т-Медиа > 375 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat