БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ташиев: Кыргызстанда журналисттерге толук эркиндик бар
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар деп эсептейт. Бул тууралуу ал 5-декабрда парламеттин жыйынында депутат Элдар Абакировдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Эл өкүлү коррупция менен күрөшүүдө журналистиканын эркиндиги манилүү экендигин, алардын иликтөөсүнөн кийин бир катар коррупциялык иштердин бети ачылганын белгиледи. Ташиев буга мынтип жооп берди:
"Кыргызстанда журналисттерге толук эркиндик бар. Эмнени кааласа жазса болот. Бирок биз акыркы жылдары журналисттерден талап кылып жатабыз. Калп нерсени жөндөн-жөн эле мамлекеттик тынчтыкка бүлүк салууга аракет кылгандарды жазага тартышыбыз керек. Ошондо гана өлкөбүздө тынчтык болот".
Кыргызстанда социалдык тармактар аркылуу пикрин билдиргендерге кылмыш иши козголуп, сот жобуна тартылгандар бар. Быйыл 16-январда Ички иштер министрлиги "Темиров Live" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.
10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту алардын ичинен Temirov Live жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын алты жылга, ушул эле долбоордун кызматкери Азамат Ишенбеовду беш жылга эркинен ажыраткан. Актилек Капаров жана Айке Бейшекеевага пробациялык жаза берилип, сот залынан бошотулган. Калган жети журналисттин аракетинде кылмыштын курамы жок делип акталган.
Автор: Осмонова Айдана > 821 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat