БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев

Ташиев

Сүрөт: t-media

Депутат Эмил Жамгырчиевге кантип биз кылмыш ишин ачып калдык? Кеңешчисинин сөзү менен ачылды. Биз Жамгырчиев Ташкентке бардыбы же барбадыбы, ким менен жолукту, эмне кылды, мыйзамдуу өттүбу, мыйзамсыз өттүбү биз билбейт элек. Бирок бизге маалымат түштү, Жогорку Кеңештен кайсыл бир документтерди кайсыл бир консультант башка чет өлөгө жөнөтүп атат деген маалымат түштү. Ошонун артынан изилдеп отуруп кайсы кеңешчи кайсы документтерди кайсы өлкөгө жөнөтүп атат? Ким аркылуу барды, ким кабыл алды? Ушунун артынан түшүп отуруп биз Жамгырчиевге чыгып калдык. Депутаттын жаржамчысы Кадыров өзүнүн Шуңуров деген таанышы аркылуу Жогорку Кеңештин 7 даана бланкасын Өзбекстанга Атакеев аркылуу жөнөтүүгө берген. Биз документтер менен кошо Ташкентке чейин барганбыз. Кандай документтер экенин биз билген эмеспиз. Бирок Жогорку Кеңештен алып чыгылган документ экенин билгенбиз да. Барып карасак бул Жамгырчиевдин колуна тушүп атпайбы. Анан биз иликтөөнү баштадык. Сураштырып келсек Жамгырчиев мыйзамдуу түрдө чек арадан өтпөптүр. Бирок Ташкентте жүрөт. Бул деген биздин улуттук коопсуздукка кооптуу жагдайларды жаратат. Ошол аркылуу Жамгырчиев кантип ал жерде болуп клаганын, ким менен жолукканын, кандай иштерди аткарганын, кандай документтерди алганын тастыктап чыктык. Ошого бизге бир жыл убакы кетти. 

Автор: Т-Медиа > 353 статей