БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ташиев армиядагы уруп-сабоо үчүн жетекчилер да жазаланарын эскертти

Ташиев армиядагы уруп-сабоо үчүн жетекчилер да жазаланарын эскертти

Сүрөт интернеттен алынды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев армияда уруп-сабоо жана чоңсунуу болбошу керектигин айтып, мындай учурлар каттала турган болсо жетекчилери кошулуп жазага тартыларын эскертти. Бул тууралуу ал 25-декабрда Сузакта "Барпы" чек ара тозотунун жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып айтты.

"Эгерде кайсыл бир аскер запкы тарта турган болсо командирин кошуп туруп жазалайбыз. Командирлер күнү-түнү көзүңөрдү албай, карагыла. Эгерде ошого карабастан аскерлерден жана алардын ата-энелеринен кайрылуу түшсө, командирлер жазага тартыласыңар. Билинбей, көрүнбөй калып кетет дебегиле. Туура, аскерди тарбиялап, даярдаш керек. Бирок ушунун баарын уставдын чегинде жасоого мүмкүнчүлүк бар",-деген Камчыбек Ташиев.

Ал ошондой эле мурда аскерлерди айыл өкмөттүн, командирлердин жеке жумуштарына тарткан учурлар болгонун, мындан ары андай болбой турганын, болсо жетекчилери жоопко тартыларын белгиледи.

Армиядагы уруп-сабоо

Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган учурлар бар.

Ушул жылдын ноябрь айында Улуттук Гвардияда кызмат өтөп жүргөн жоокер сабалып ооруканага түшкөн. Ал эки сержант камера жок кийим кургатуучу бөлмөдө токмоктошконун билдирген. Коргоо министрлиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, тергөөнүн материалдары Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Мындан сырткары ушул жылдын 22-январында Башкы прокуратура "Жоокерлерге зомбулук көрсөткөн" деген шек менен Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин кызмат адамдарын кармаган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон.

 Буга чейин "Т-Медиа" армияда зомбулукка кабылган жоокерлердин окуяларын анализ кылган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 157 макала