БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ташиев абхаз, армян номурлуу унаалардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салынганын айтты
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Абхазия, Армения номурлуу унаалардын көчөдө жүрүшүнө тыюу салуу тапшырмасы берилгенин айтты. Бул тууралуу ал 11-декабрда Жогорку Кеңеште депутат Жанар Акаевдин эки өлкөдөн кирген унааларды мыйзамдаштыруу сунушуна жооп берип жатып билдирди.
Ташиевдин сөзүнө караганда, ал 11-декабрда тиешелүү органдар менен жыйын өткөрүп, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Бажы кызматына "бир дагы мыйзамсыз алып келинген машиналар көчөлөрдө жүрбөшү керек" деген тапшырма берген. Атайын кызматтын төрагасы учурда Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар экенин билдирди.
"Мунун баары өлкөгө мыйзамсыз кирген. Тетик деп алып келинип, машина куралган. Алардын 90%ынын документи жок. Кайдан, кимден алып келди дайынсыз. Легалдаштырабыз деп тескерисинче криминалдаштырып албайлы".
Ташиев мындай автоунаалар үч этап менен мыйзамдаштырыларын айтты.
"Биринчи, анча-мынча документи барларды карап чыгабыз. Эч кандай документи жок эле "мыйзамдаштырып бергиле" дейт. Кантип мыйзамдаштырабыз? Экинчиден, абалы жакшы автоунааларды комиссия карап чыгат. Анан такыр эле мыйзамдаштырууга болбой тургандары да бар. Аларды тоокана кылышат же кайра чет өлкөгө алып чыгып кетишет", -дейт Ташиев.
Мындан сырткары ал оң рулдуу унаалардын айдоочуларына кайрылып, митинг уюштуруу жөнүндө ойлонбоого чакырды.
"15 миң унаанын ээлери вотсаптан бири-бирине "чогулалы, митинг кылалы" деп жатышат. "Бизди укпай калат" деп. Ойлонбогула. Өзүңөр биринчи мыйзамсыз унааларды алып келдиңер, эми мамлекттин мыйзамын бузам дебегиле".
Парламенттин ушул эле күнкү жыйынында депутат Жанар Акаев Кыргызстанга Кыргызстанга Абхазиядан ташылып келген унааларды мыйзамдаштырып берүүнү сунуштаган. Бул маселе Жогорку Кеңеште бир нече ирет көтөрүлгөн болчу.
Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу өлкөлөрдөн оң рулдуу унаалар кирип жатат. Өлкөдө абхаз номуру менен жүргөн автоунаалардын ээлери машинасын өзүнө каттатып, башка бирөөгө сатып же болбосо убактылуу айдап турууга да бере албайт. Анткени Абхазиядан келген машинелер ЕАЭБдин товары болуп эсептелбейт. Бул өлкөнү өзүнчө мамлекет катары дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинен Кыргызстан да тааныган эмес.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat