БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев Кемпир-Абадда "балык уулагандарга тоскоолдук жаралды" деген окуяга комментарий берди

Ташиев Кемпир-Абадда "балык уулагандарга тоскоолдук жаралды" деген окуяга комментарий берди

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасында талкуу болуп жаткан маселени түшүндүрдү. Ал "7-каналга" маек берип, Кыргызстан жана Өзбекстан талаптарды 100 пайыз аткарып жатканын билдирген.

УКМК төрагасынын сөзүнө караганда, социалдык тармактарда талкуу болгон окуяда кыргыз жарандары балык уулап жүрүп, өзбек тараптын жээгине чыгып кеткен. 

"Маселе өзүбүздө. Мен кечээ эле (ред. 6-май) Өзбекстанга барып келдим. Биздин эки жараныбыз балык уулап жүрүп, Өзбекстан тараптын жээгине, кургактыкка өтүп кетишкен экен. Чынында чек аранын өтүү тартибин бузганы үчүн аларды камаш керек эле. Биз деле ушундай учурлар болуп чек араны бузуп өтүшсө, өзбек жарандарын камайбыз. Мыйзамдар ушундай. Өзбек чек арачылары болсо адамгерчилик кылып, эки жараныбызды катерге салып, биз тарапка чыгарып коюп, кайра кетишкен. Бул да болсо мамилелерибиздин жакшырганы, бийик деңгээлге чыкканы десек болот".

Ошондой эле Ташиев тор менен балык кармоого Кемпир-Абадда эле эмес, Кыргызстандын бардык аймагындагы көлдөрдө тыюу салынганын белгилеген.

"Тор менен балык кармабагыла. Браконьердик кылбагыла. Кайырмак менен мага десеңер суткасы менен жатып алып кармай бергиле. Мал-салыңарды кенен кесир сугара бергиле. Эң негизгиси, биздин чек арадан ары өтпөгүлө. Болду, тынч оокатыңарды кыла бергиле. Анан эле өзүбүз мыйзамды бузуп алып, башкаларга шылтоо кылбайлы. "Мындан ары чек араны бузуп өтүп кеткендер болсо — эки тарап тең кадимкидей эле кармап, каттоодон өткөрүп, мыйзам чегинде иш алып баралы, бири-бирибизге дароо кабар берип туралы" деп сүйлөштүк".

24-апрелде социалдык тармактарда Кемпир-Абад суу сактагычында "балык кармайлы деп тор салсак, уруксат бербей кубалап жатат" деген маалымат тараган. Кийин президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков комментарий берип, бул окуяны саясий өңүткө бурбоого чакырган. Ал балыкты кайырмак менен салса болорун, торго уруксат жоктугун кошумчалаган. 

Автор: Анарбаева Наргиза > 142 статей