БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ташиев коррупционерлерге карата күчөтүлгөн мыйзам келерки жылдан иштеп баштарын билдирди

Ташиев коррупционерлерге карата күчөтүлгөн мыйзам келерки жылдан иштеп баштарын билдирди

Сүрөт: Жогорку Кеңеш

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта иштеп баштарын айтты. Ал бул тууралуу парламенттин 5-декабрдагы жыйынында аталган мыйзам долбоор каралып жатканда билдирди. 

"Учурда биз сунуштап жаткан мыйзам долбоору кабыл алына элек. Биринчи, экинчи, үчүнчү окууда тез арада кабыл алабыз деп чындап ишенем. Ага президент кол коюп, мыйзам 1-январдан тарта күчүнө кирет. Ушул убакка чейин кылмыш жасаган коррупционерлердин дагы деле убактысы бар жана айып пул төлөп эркиндикте жүрө алат деп айта алам. Бирок бул мыйзамдын күчүнө кириши менен өзгөрөт, алар чыныгы жазаларды ала башташат"-деди ал. 

Аталаган мыйзам долбоорду УКМК иштеп чыгып, ноябрь айында Жогорку Кеңешке түшкөн. Документте “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта  иштөөгө өмүр бою тыюу салуу сунушталып, анын туугандары, жакындары да  мамлекеттик кызматтарда иштебей тургандыгы каралаган. Ошондой эле коррупциялык кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып пулдар жокко чыгаруу сунушталган. 

Мындан сырткары “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айыпталгандар күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбай тургандыгы жазылган. 

Ал эми кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, сот жообуна тартылгандар  кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратылып, эки жылга соттолот же мүлкүн мамлекетке өткөрүү каралган. 

Бул мыйзам долбоору бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңешке биринчи окууга киргизилип, колдоо тапты. 

Автор: Осмонова Айдана > 821 макала