БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын тактоону сүйлөштү

Ташиев менен Ятимов кыргыз-тажик чек арасын  тактоону сүйлөштү

Сүрөт: Министрлер кабинети

Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов Согд облусунун Бустон шаарында жолугушту. Анда алар чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси талкуулаганын 16-мартта Министрлер кабинети билдирди.

Маалыматка караганда, Ташиев менен Ятимов чек араны делимитациялоо маселелерин талкуулап, жумушчу топторго калган тилкелерде чек ара сызыгын аныктоо иштерин улантууну тапшырышты.

Министрлер кибинети жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү кошумчалады.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт. 2002-жылдан 2020-жылдарга чейин чек аранын 519 чакырымы такталса, 2022-жылы эки өлкөнүн президенттери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. 

Президент Садыр Жапаров былтыр 11-декабрда Баткендин Ак-Сай айылында жаңы курулган мектептин ачылышында сүйлөп жатып, Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айына чейин такталып каларын белгилеген.

Автор: Т-Медиа > 354 статей