БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев мындан ары кылмышкерлер эле эмес, аларды колдогондор да жазаланарын айтты

Ташиев мындан ары кылмышкерлер эле эмес, аларды колдогондор да жазаланарын айтты

УКМК

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары уюшкан кылмыш топторду колдогондор да жазаланарын эскертти. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-октябрда атайын кызматтын Чүй облусундагы Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратын ачып жатып билдирди. Анын айтымында, кылмыштуу топторго болушуп, аларды колдогон адамдар чыгууда. 

«Аларга болушкандай болуп сүйлөп, видеолорду чыгарып, аларды колдогондор чыгып атат. Дагы бир жолу кайталап айтып койоюн. Мындан ары кылмышкерлерди эле эмес, аларды колдогондорду да жазалайбыз. Аларды колдоп, кылмыштуулукту жогорку деңгээлге алып чыгып, аны жайылткандарды жазалашыбыз керек. Уюшкан кылмыштуулук түп тамыры менен жок болушу керек. Райондордо, облустарда, министрликтерде, уюмдарда мамлекетке каршы иштеп, пайдасын эмес зыянын тийгизген кызматкерлер көп. Ошолордон тазаланышыбыз керек. Аларды жөн эле жумуштан бошотуп койбостон кылмыш жоопкерчилигине тартышыбыз зарыл. Кийинки мамлекеттик кызматкер мыйзам бузууга же болбосо мамлекетке зыян келтирүүгө эч качан багыт албашы керек», -дейт Ташиев.

5-октябрда Камчыбек Ташиев Токмок шаарында УКМКнын капиталдык оңдоодон өткөн жаңы имаратынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөш уланарын белгилеген. Ошондой эле ал буга Көлбаевдин жок кылынышын мисал келтирген.

Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында жок кылынганы 4-октябрдын кечинде кабарланган. Кримтөбөлдү кармоо учурунда ал УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбай ок аткан. Натыйжада ага карата ок чыгарылып жок кылынган. Дарыгерлер Көлбаев ошол жерден каза болгонун тастыктаган. Атайын кызматтан аны кармоого уюшкан кылмыштуу топтун башчысы «Дөө Чыңгыз» каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген арыз негиз болгонун айтышкан. Кийин Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү камакка алынган.

49 жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турган. 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонуп, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин «кара тизмесине» кирген.

Автор: Т-Медиа > 355 статей