БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Ташиев Султанбековду мыйзам алдында жооп бериши керектигин билдирди
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду мыйзам алдында жооп бериши керектигин айтты. Ташиев бул тууралуу парламентин бүгүнкү, 11-декабрдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Депутат жыйында Султанбековдун абалы начарлап жатканын билдирип, бийлик өкүлдөрүн аны менен эрегишпөөгө чакырган болчу.
“Султанбеков менен эрегишпесек, жаш бала болсо, жаш баладай өзүн алып жүрсүн. Ал мамлекетти башкаргысы келип жатат. Эгер мамлекетти башкара албасаңар мага бергиле дейт. Ал үчүн өсүшү керек. Ага чейин мыйзам алдында жооп берсин”.
Мындан сырткары ал тергөө абагында басым болуп жатат дегенди четке кагып, Сеидбек Атамбаевге жабык жайга барып, анын шарт менен таанышууга чакырды.
Темирлан Султанбеков кармалган күндөн тартып ачкачылык кармап жатат. Анын адвокаты анын ден соолугу начарлап, дене температурасы төмөндөп жаткандыгын айткан.
Эске салсак, 14-ноябрда "Социал-демократтар" партиясы шаардык кеңешке өтө турган шайлоодон четтеген. Буга Бишкек шаардык милициясынын Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгү ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") боюнча козгогон кылмыш иши жана тергөөнүн маалыматы негиз болгон.
Бул иш боюнча партиянын 10 мүчөсүн суракка алынып, алардын ичинен партия лидери Султанбеков жана партиянын шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер аттуу адам кармалган. 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту аларды эки айга камакка алган.
Алар коюлган айыпты четке кагып, саясий басым деп баалап жатышат.
Автор: Осмонова Айдана > 795 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat