БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев өлкөдө төңкөрүш жасоого шектелип кармалгандар тууралуу үн катты

Ташиев өлкөдө төңкөрүш жасоого шектелип кармалгандар тууралуу  үн катты

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук коопсуздук малекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жакында эле бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган топко сырткы күчтөрдүн тиешеси бар же жогу тергөөдө аныкталарын билдирди. Ал "7-каналга" курган маегинде "Кыргызстандын экономикасы ылдамдык менен тез көтөрүлүп жатканы эч кимге жакпайт" деген оюн айтты.

"Бизде булар жөнүндө башынан эле толук маалыматтар бар болчу. Куралдарды, аскер кийимдерин сатып алып жатышканы, дрондорду издеп жүрүшкөнү жана жардыргыч заттарды кантип "кустарный метод" менен жасасак болот деп кызыгып жүрүшкөнүн билгенбиз. Кайсы жерден курал сатып алышты, кимдер аркылуу аскер кийимдерине буйрутма беришкен, аларды кайда катышты баарынын артынан түшүп, видео байкоолорго жаздырып жүргөнбүз. Баары бышып жетилгенден кийин балдар кармап келишти. Алардын максаты - өткөндө жүз берген окуялардын шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдерин кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, "мына, биз эл тарапка өттүк" деп жарыялашмак. Ошентсе "бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет" деген чолок акыл пландары болгон". 

5-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деструктивдүү топтун ишине бөгөт коюлганын билдирген. Маалыматка ылайык, кармалган беш киши 31-августта Бишкекке жакын жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштарды, "анын ичинде алдын ала даярдалган кыйратуучу күчтөрдү топтоо максатында" спорттук оюндарды уюштурууну пландаштырышкан. 

Кармалгандардан 70 даана оку атуучу курал, 255 миңден ашык ок-дары, колго жасалган жардыруучу заттар, рациялар жана эки дрон табылган. Акыркыларын ууландыруучу заттарды чачуу үчүн колдонууну пландашкан. Мындан тышкары кармалгандардан 38 бронежилет, укук коргоо орган кызматкерлери кийген баш кийимдер жана 200 комплект форма алынган.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей