БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар

Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд. сом өндүрүлгөнүн билдирди

Ташиев төрт жылда мамлекетке 168 млрд. сом өндүрүлгөнүн  билдирди

17.12.2024. Сүрөт: "Т-Медиа"

2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин коррупциядан, мыйзамсыз иштерден мамлекеттин бюджетине 168 миллиард 287 миллион сом кайтарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 17-декабрда Бишкекте журналисттер үчүн жыйында билдирди. 

Ташиевдин айтымында, аталган сумманын ичинен 37 миллиард 776 миллион сому акчалай, 130 миллиард 510 миллион сом мүлк түрүндө кайтарылган.

"Биз декабрдын аягына чейин дагы кошумча 40 млрд 893 млн сомдук жумушту аткарып бүтөбүз деген оюбуз бар. Азыр кылмыш иштеринин алкагында каралып бүтүп аткан жумуштар. Бул 472 млн 755 миң доллар болот экен. Демек, 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын декабрь айынын аягына чейин 209 млрд сом жыйналат. Бул 2 млрд 400 млн доллар болот экен", - деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңеште коррупциядан өндүрүлгөн каражаттын эсеби боюнча ачык маалымат берилиши керектигин айтылган. 

Автор: Осмонова Айдана > 808 макала