БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташиев Кадыр Досоновду Оштон алып келүү тапшырмасы берилгенин айтты

Ташиев Кадыр Досоновду Оштон алып келүү тапшырмасы берилгенин айтты

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Женго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновду Оштогу СИЗОдон Бишкекке алдырып жатканын 23-ноябрда парламентте билдирди.

 

 Анын айтымына караганда, Досонов буга чейин экранда "уюшкан кылмыштуу топтордон кайттым" дегени менен, бирок ишин улантып жатат. 

"Ал баарынын алдында кримдүйнөдөн баш тартарын айткан. Бирок азыр дагы деле улантып жатыптыр.  Мен аны улантпай тургандай, эч качан кылмыштуу топтордун лидери болбогудай кылам”, -деди Ташиев. 

Эске салсак: кримтөбөл Камчы Көлбаев 4-октярбда УКМКнын Бишкектеги атайын операциясында өлтүрлгөндөн кийин бир катар крим чөйрөнүн өкүлөрдөрү соцтармактарда мыйзамга баш ийип жашарын, кримтөбөл болбой турганын билдиришкен. Алардын арасында "Женго" каймана аты бар Кадырбек Досонов "мыйзамдагы ууру" статусунан баш тартканын айткан. 

Кримтөбөл "Женго" жер тилкесин мыйзамсыз басып алууга жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого айыпталган. 2021-жылдын февраль айында ал өзү УКМКга келгенин, андан кийин камакка алынганы айтылган. Ал учурда Ош шаарындагы тергөө абагында жазасын өтөп жатат.

Былтыр сентябрда Жогорку сот Досоновдун иши боюнча эки инстанциянын чечимин жокко чыгарып, иштин материалдарын кайра кароого жөнөткөн.

Автор: Осмонова Айдана > 615 статей