БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташкент: президент Жапаров Мирзиёв менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Ташкент: президент Жапаров  Мирзиёв менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Сүрөт: президенттин маалымат кызматы

Президент Садыр Жапаров 8-ноябрда Ташкентке жасаган сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Анын жүрүшүндө лидерлер кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, анын ичинде достук мамилелерин, стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

 

 

Мындан тышкары тараптар эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ырааттуу ишке ашырылып, маданий-гуманитардык алмашуу активдешип жатканын, ошондой эле эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча жемиштүү иштер уланып, мында өсүштүн оң динамикасы байкалганын белгилешти.

 

Жолугушуунун соңунда президенттер эки өлкөнүн боордош элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу өнөктөштүктүн бардык тармактарында достук жана ынак коңшулук өз ара аракеттенүүнү мындан ары ырааттуу өнүктүрүүнү макулдашты.

 

8-9-ноябрь күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы менен Ташкент шаарында Экономикалык кызматташуу уюмунун 16-саммити өтүп жатат. Ага уюмга мүчө Азербайжандын, Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Пакистандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Түркиянын президенттери жана өкмөт башчылары катышары кабарланган.

 

Маалыматка ылайык, саммиттин катышуучулары соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук, коммуникациялык жана гуманитардык тармактар боюнча өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Автор: Т-Медиа > 355 статей