БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Ташкенттен Ысык-Көлгө 10-июндан тартып автобус каттай баштайт

Ташкенттен Ысык-Көлгө 10-июндан тартып автобус каттай баштайт

Интернеттен алынды

10-июндан тартып Өзбекстандын Ташкент шаарынан Ысык-Көлгө сезондук автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Транспорт министрлиги билдирди.

Каттамды Uzautotrans Service жоопкерчилиги чектелген коому Ташкент- Чолпон-Ата маршруту менен ишке ашырып турары айтылды.

Yutong үлгүсүндөгү автобустар эки күндө бир каттайт. Алар Өзбекстандын борборундагы автобекеттен саат 15:00дө сапарга чыгат. Билет баасы 300 миң сумду (2100 сомдун тегереги) түзөт. 

Быйыл февралда Кыргызстандын Tez Jet авиакомпаниясы Өзбекстанга туруктуу аба каттамдарын аткарууга уруксат алганы белгилүү болгон. Анда компания Ош – Ташкент – Ош жана Бишкек – Ташкент – Бишкек багыттары боюнча учууну пландап жатканы кабарланган.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей