БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Ташиев менен Ятимов жолугушту

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Ташиев менен Ятимов жолугушту

Сүрөт: "Минкаб"

Бүгүн, 1-декабрда Тажикстандын Согди облусунунда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча теңтөрөгалар Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу Министирлер кабинетинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, алар кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн жумушчу топторунунун ишине оң баа беришкен. Жолугушууда чек аранын долбоордук линиясынын сыпаттамасын аяктоо боюнча ишти тездетүү зарылдыгын айтылганы маалымдалды.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун жолугушуусу Баткен шаарында өткөн. Чек ара боюнча андан кийинки сүйлөшүү Тажикстанда улантылмак болгон.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей