БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: киши колдуу болгону айтылган үй-бүлөнүн балдарын Кыргызстанга өткөрүү иштери жүрүүдө

ТИМ: киши колдуу болгону айтылган үй-бүлөнүн балдарын Кыргызстанга өткөрүү иштери жүрүүдө

Интернеттен алынды

Тажикстандын Кадибадам шаарында киши колдуу болгону айтылган үч этникалык кыргыздын жашы жете элек үч баласын Кыргызстанда жашаган туугандарына өткөрүп берүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги 7-июнда кабарлады. 

Маалыматка караганда, Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги бул маселе боюнча Тажикстандын тийиштүү мамлекеттик органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ошондой эле балдарды туугандарынын колуна өткөрүп берүү боюнча Кыргызстандагы мамлекеттик органдар менен чогуу зарыл иштер алып барылып жатканы айтылды. 

Буга чейин депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында бул окуяны дыкат текшерүүгө чакырып, үч баланын тагдырына мамлекет кайдыгер карабашы керектигин айткан

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Тажикстанда эки үй-бүлөдөн бир түндө алты адам киши колдуу болгон окуя укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатканын жазган. Окуя Согд облусуна караштуу Канибадам шаарынын аймагындагы Санжидзор кыштагында 29-майга караган түнү болгон. Бир үй-бүлө тажик улутундагылар, экинчиси этникалык кыргыздар экени айтылган. 

Тажик үй-бүлөдөн 38 жаштагы келин жана анын 17 жана 14 жаштагы эки окуучу уулу каза болду. Туугандары үчөө тең күч колдонулуп өлтүрүлгөнүн айтып беришкен. Келин айылдык ооруканада медайым болуп иштечү, күйөөсү Орусияда миграцияда.

Кыргыз үй-бүлөдөн киши колдуу болгондор 54 жаштагы аял, 47 жаштагы иниси жана анын 46 жаштагы жубайы экени, каргашалуу түнү жубайлардын үч баласы да ошол жерде болгону, алар аман калганы кабарланды. Айылдаштарынын айтымында, бул үй-бүлөнүн жакын туугандарынын баары Кыргызстанда жашайт. 54 жаштагы Зулхо Иброхимова Санжидзор кыштагындагы орто мектепте директордун орун басары болуп иштегени белгилүү болду. Бул мектепте этникалык кыргыздардын балдары билим алышат.

Автор: Осмонова Айдана > 613 статей