БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Футбол: Кыргызстандын кыз-келиндер командасы Тажикстандагы турнирде 3-орунду алды

Футбол: Кыргызстандын кыз-келиндер командасы Тажикстандагы турнирде 3-орунду алды

ыргыз футбол биримдигинин фейсбук баракчасынан алынды

Тажикстанда өтүп жаткан турнирде Кыргызстандын футбол боюнча 18 жашка чейинки кыз-келиндер командасы үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. 

Кыргызстандык спортчулар жалпы эсепте жети упай топтогон. Алар Түркмөнстанды 3:1, Тажикстанды 3:0 эсебинде утуп, Өзбекстандын курама командасына 6:1 эсебинде утулган. Иран менен болгон оюнда 1:1 эсебинде тең чыкты. 

Бул турнирне он упай топтогон Иран командасы биринчи орунга чыккан. Өзбекстан жети упай менен эки, Тажикстан үч упай менен 4-орунду ээледи. 

Борбор Азия футбол ассоциациясынын CAFA U-18 Women’s Championship 2024 турнири Тажикстандын Душанбе шаарында 19-29-апрель күндөрү өттү.

Автор: Анарбаева Наргиза > 156 статей