БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

Тил маселеси: Ташиев төраганын сунушун колдобой турганын билдирди

Тил маселеси: Ташиев төраганын сунушун колдобой турганын билдирди

Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевдин тил боюнча сунушунуна комментарий берди. 

УКМК башчысынын чакан маеги "7-каналдын" сайтына чыкты. Анда Ташиев орус тили Кыргызстанда жаш муун үчүн маанилүү экенин, Нурланбек Шакиевдин сунушун колдобой турганын билдирген.

"Албетте, тил маселесине келгенде терең ойлонуу менен мамиле кылышыбыз кажет. Мен ачыгын айтайын, кыргыз тилин өнүктүрүү же сактап калуу үчүн башка тилдерди коомубуздун күнүмдүк турмушунан азайтуу — адашкан пикир. Себеби, башка тилдер болбосо кыргыз тили да өнүкпөйт. Биздин келечек муун кыргыз тили менен эле бирге башка тилдерди да шар билиш керек. Анткенио ошол башка тилдер аркылуу дүйнө тааныйт, билимдүү болот жана башка өлкөлөрдөгү өнүгүп жаткан жаңы технологияларды биздин өлкөгө алып келишет. Ошонун негизинде мамлекетибиз тышкы цивилизациядан артта калбай өнүгөт".

 

Траганын айтканына бүгүн президент Садыр Жапаров да пикирин билдирген. Мамлекет башчысы "кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн башка тилдерге каршы болбошубуз керек" дейт. 

Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев соңку убактарда кыргыз аталыштары жана ысымдар арабдашып жатканына тынчсыздануусун билдирген. Ошондой эле ал учурда айылдарда балдардын тили орусча чыгып жатканына аткаруу бийлигинин көңүл бурушун тапшырды. Төрага интернетте балдарга арналган чет тилдеги контентке тыюу салуу жана балдарга кыргызча ысымдарды коюуну сунуштаган.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей