БАШКЫ БЕТ > Жанылыктар
Тилек Текебаев менен Абсаттар Сыргабаевдин кызмат орундары алмашты
Өлкө башчы Садыр Жапаровдун 11-июлдагы жарлыгына ылайык, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев кызматтан бошотулуп, транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Ал эми мурдагы транспорт министри Тилек Текбаев президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Эми алардын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөтүлөт. Учурда депутаттар каникулда.
47 жаштагы Тилек Текебаев Бишкек шаарында туулган. Ал 2000-жылы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жан архитектура университетин инженер-механик адистиги боюнча аяктаган. Текебаев министр кызматына келгенге чейин Ош шаардык архитектуралык-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болгон.
Ал эми Абсаттар Сыргабаев 48 жашта. Жалал-Абад облусунун жетекчиси кызматына 2020-жылы октябрда келген. 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодо "Мекенчил" партиясынан талапкер болгон. Ага чейин Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
![](/media/profile_pics/%D0%90%D1%81%D0%B5%D0%BC%D0%B0.jpg)
Автор: Улукбек кызы Асем > 428 макала
- Sun
- Mon
- Tue
- Wed
- Thu
- Fri
- Sat