БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ АКШда кыргызстандыкка кол салуу болгон дээлген окуя боюнча үн катты

ТИМ АКШда кыргызстандыкка кол салуу болгон дээлген окуя боюнча үн катты

Видеодон скриншот

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Лос-Анжелес шаарында кыргыз жараны өспүрүмдөр тарабынан сабалды деген окуя тууралуу маалымат берди. 

Мекеме ур-токмокко алынган адам Шайлообек Базарбай аттуу орусиянын жараны экенин кабарлады. Жабырлануучу Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдугуна Кыргызстанда туулуп, чет өлкөнүн жарандыгын алганын айткан. 

Кол салуудан орус паспортун жана аскердик билетин, ошондой эле АКШга тиешелүү башка ички документтерин жоготуп алганын билдирген. Мындан тышкары жергиликтүү полиция менен күн сайын кызматташып, тергөө иштери жүрүп жатканын жана ага нааразылыгы жок экенин кабарлаган. 

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Лос-Анжелестин көчөлөрүнүн биринде кыргыз жаранын бир нече өспүрүм ур-токмокко алып, автоунаасын талкалап жаткандыгы тууралуу видео жарыялаган.  

Автор: Улукбек кызы Асем > 324 статей