БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ: чет өлкөлөрдөгү абактардан 39 кыргыз жараны которулуп келди

ТИМ: чет өлкөлөрдөгү абактардан 39 кыргыз жараны которулуп келди

спутник.кж

Быйыл жыл башынан бери чет өлкөлөрдөгү абактарда жаткан 32 кыргызстандык жаран мекенине которулган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Алардын 29у Орусиядан, эки жаран Казакстандан, ал эми бир жаран Тажикстандан которулган. 

"Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнө соттолгон кыргыз жарандарынан жазасын өз мекенинде өтөө тууралуу түшкөн арыздардын баары Кыргызстандын Башкы прокуратурасына ыкчам түрдө жөнөтүлүп жатат. Консулдар быйыл жалпысынан 40 жаза аткаруу мекемеинде болуп, 286 жаран менен жолугуп чыкты", -деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта.

Министирлик учурда дагы 43 жаранды которуу алдында турат. Алардын ичинен 40 адам Орусиядан, үч адам Казакстандан алып келинет.

 

Автор: Боромбаев Максат > 110 статей