БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ Израилдеги жана Ливандагы кыргызстандыктарды чыгып кетүүгө чакырды

ТИМ Израилдеги жана Ливандагы кыргызстандыктарды чыгып кетүүгө чакырды

Тышкы иштер министрлиги

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгышта аскердик-саясий абалдын туруксуздугуна жана Палестина-Израил жаңжалынын курчушуна байланыштуу кыргызстандыктарды Ливан өлкөсүнүн аймагынан чыгып кетүүгө чакырды. Ошондой эле Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине барбай турууну эскертти. 

 

Министрликтин 20-октябрда жарыяланган маалыматында бул «өтө зарылдык» экени айтылды.

"Ошону менен бирге Израилде жүргөн Кыргызстандын жарандарын азыркы учурда каттап жаткан туруктуу каттамдар менен барган өлкөнүн чегинен тышкары чыгып кетүүгө чакырабыз. Күтүлбөгөн кырдаалдарда жана шашылыш суроолор жаралса министрликтин Консулдук департаментинин түз байланыш телефонуна (+996 999 312 002.) кайрылууну эскертет", -деп айтылат маалыматта. 

ХАМАС радикал тобу Израилге 7-октябрда кол салган. Жооп катары Израил ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторуна соккуларды уруп, аймакка электр энергиясын, азык-түлүк жана суу берүүнү токтотуп, толук блокадага алып, бомбалоодо. Газа секторунун Саламаттык сактоо министрлиги согуш тутангандан бери 3 миң 785 палестиналык каза тапканын, жарадарлар 12 миңдей экенин кабарлады.

БУУ Израилдин бул чечимин, ошондой эле израил күчтөрүнүн соккуларын жана ХАМАСтын адамдарды туткунга алышын айыптаган.

 

Автор: Т-Медиа > 354 статей