БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ Казакстанда жүргөн мигранттарга жаңы жобо иштелип чыкканын билдирди

ТИМ Казакстанда жүргөн мигранттарга жаңы жобо иштелип чыкканын билдирди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда "Манжа изи жана геномдук каттоо жөнүндө" мыйзамынын манжа изин каттоого тиешелүү жоболору күчүнө киргенин эскертти. Каттоодон баш тарткандар административдик жазага тартылып, өлкө аймагынан чыгарылат.

"2024-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка толгон чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда белгиленген учурларда манжа изин каттатууга милдеттүү. Манжа изин каттоодон өткөрүүдө чет өлкөлүктөрдүн же жарандыгы жок адамдардын өздүгүн тастыктоочу документи, ал эми ал жок болгон учурда өздүгүн тастыктаган күбөлүгү жана дакторегистрацияга жолдомосу болушу керек", — деп айтылат маалыматта.

Бул жол-жободон өтүү Казакстанда жүрүүгө керектүү төмөнкү документтерди даярдоо үчүн милдеттүү болуп саналат:

- Казакстан Республикасында туруктуу жашоого уруксат;
- Чет өлкөлүк жарандын Казакстан Республикасында жашоого уруксаты;
- Жарандыгы жок адамдын күбөлүгү;
- Убактылуу жашоого уруксат;
- Казакстан Республикасынын визасы (башында Казакстан Республикасынын аймагында алынган жана узартылган);
- Башпаанек издеген адамдын күбөлүгү;
- Качкындын күбөлүгү;
- Качкындын жол жүрүү документи.

Дактилоскопиялык каттоо миграция кызматынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт.

Автор: Улукбек кызы Асем > 318 статей