БАШКЫ БЕТ > Жаңылыктар

ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга барбай турууга чакырды

ТИМ кыргызстандыктарды Израиль жана Ливанга барбай турууга чакырды

Сүрөт интернеттен алынды

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарын Израиль жана Ливанга барбай турууга чакырды. Министрлик мындай эскертүүнү жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу берип жатат. 

Ал эми, Ливан жана Израилде жашаган мекендештерге ал жактагы кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштады. 

Бул өлкөлөрдө жүргөн кыргыз жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигине байланышса болот: +96525359951

Ишеним нормерлер:

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги: +905456896800;

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996 999 312002

Мындай коопсуздук чаралары Ливандагы "Хезболла" ислам радикалдык тобу менен Израилдин ортосундагы чыр-чатакка байланыштуу көрүлүп жатат.

 

Автор: Анарбаева Наргиза > 145 статей